Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Грек-рим балбандары Токиого жол алды

Кыска кабар , Спорт | 27 Июл 2021 | 709 | 0

Бүгүн, 27-июлда Олимпиада оюндарына жолдомо алган грек-рим күрөшү боюнча балбандар Токиого учуп кетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Спортчуларды узатуу үчүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, күрөш бөлүмүнүн куратору Азамат Бекмурзаев, Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Канатбек Бегалиев жана федерация өкүлдөрү, балбандардын жакындары, достору жана күйөрмандары келишкен.

2008-жылкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган Канатбек Бегалиев спортчуларга ийгилик каалаган.

«Силердин мындан аркы ийгилигиңер өзүңөрдөн көз каранды. Жалпы кыргыз эли силерди колдойт! Жолуңар байсалдуу болуп, байгелүү келишиңиздерге тилектешмин», — деген ал.

Балбандарды улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев жетектеп кеткен.

Олимпиада оюндарында 1-августта Жоламан Шаршенбеков (60 кг), 2-августта Акжол Махмудов (77 кг) менен Үзүр Жусупбеков (97 кг), 3-августта Атабек Азизбеков (87 кг) күрөшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM