Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 31-августка карата 200 автобус каттамга чыгарылат

Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 269 | 0

Бишкекте 31-августта эгемендик күнүнө карата 200 автобус каттамга чыгат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов 27-июлда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын ISUZU компаниясы менен келишим түзүлүп, газ менен жүрө турган автобустар алып келинди. Учурда 50 автобус каттамга чыгарылган, андан кийин да 40 автобус келген.

31-августка карата жалпы 200 автобус линияга чыгарылат. 2023-жылга чейин миңдей автобус сатып алынат.

Бактыбек Кудайбергенов коомдук транспортко болгон жол кире маселеси чечиле электигин, бир жумадан кийин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары ишке киришип, жол кире маселесин карай турганын кошумчалады.

«Транспорттук коллапс учурунда кичиавтобустардын айдоочулары менен бир канча жолу сүйлөштүк. Биз алардын талаптарын уктук, бирок тил табыша алган жокпуз. Нааразылыкка чыккан фирма ээлери жол кире акысын көтөрүүнү талап кылышты. Бирок бул маселени Бишкек шаардык кеңеши карашы керек», — деди Кудайбергенов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM