Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тамчылатып сугаруу долбоору ишке кирди

Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 260 | 0

Бишкек шаарындагы бактарды тамчылатып сугаруу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов 27-июлда өткөн маалымат жыйында айтты.

«Тамчылатып сугаруу башка сугат тутумдарына салыштырмалуу сууну керектөөнү 80 пайызга кыскартат. Бул система айрым тармактарда ийгиликтүү иштеп жатат. Мисалы, темир жол станциясынын жанындагы гүлбактарда жана Түштүк магистралдын боюндагы аллеяда тамчылатып сугаруу системасы ишке кирген», — деди Кудайбергенов.

Бишкектин ирригациялык системасы Совет Союзунун учурунда курулган. Учурда шаардагы жашыл аймак эски система менен сугарылат. Бул маселени чечүү үчүн тамчылатып сугаруу тутумун карап көрүү пландалган. Ушул күндөрү Чыңгыз Айтматов проспектинин Масалиев көчөсүнөн Манас проспектинин Чүй проспектине чейинки бөлүгүндө жана Масалиев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектинен Садырбаев (Бах) көчөсүнө чейинки аймагында тамчылатып сугаруу системасы иштөөдө.

Бактыбек Кудайбергеновдун айтымында, Бишкекте суу көйгөйү эки ай бою сезилип, Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынан бир куб метр да суу келген эмес. Акыркы он күндө суу келе баштаган.

Кургакчылыктан быйыл отургузулган 200-300дөй бак куурап калган.

Учурда 35 көчөнүн арыгын оңдоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM