Биз менен байланышыңыз

Озоди: Тажикстан президентинин жээндери саламаттык сактоо министрин сабады

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 1029 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч жээни дарыгерлер менен чиновниктерди, анын ичинде өлкөнүн саламаттык сактоо министрин сабаган. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Окуя тажик президентинин бир тууган карындашы Курбонби Рахмонова 20-июлда COVID-19дан каза тапкандан кийин болгон (ал эмнеден каза болгону расмий айтылган эмес). Ал Президенттин аппаратына караштуу медициналык борбордо дарыланып жаткан.

Сабалгандардын ичинен министр Жамолиддин Абдуллозода жана Президенттин аппаратына караштуу медициналык борбордун жетекчиси Холмахмад Рахимзода катуу жаракат алган. Бийлик азырынча бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Тажикстан президентинин карындашын дарылоо үчүн Германия, Орусия жана Өзбекстандан тажрыйбалуу адистер чакырылган. Курбонби Рахмонова каза болордон 2 саат мурун чет элдик адистер тажик дарыгерлери аны туура эмес дарылап жатканын айткан.

Алардын корутундусу Курбонби Рахмонованын балдарынын (Фахриддин, Фаррух жана Зиёдали) ачуусун келтирип, энеси каза болгондон кийин алар дарыгерлерди, ошол жерде болгон чиновниктерди сабаган. Аларды президенттин уулу Рустам Эмомали тынчтандырган.

Министрдин орун басары Шодихон Жамшед 26-июлда журналисттерге министр чет жакка иштер менен кеткенин айтып, анын сабалгандыгы тууралуу суроого: «Бул ушактар кайдан чыкты?» — деп жооп берген.

Аталган окуя боюнча Тажикстандын ИИМи текшерүүнү баштаган. Азырынча эч ким кармала элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM