Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» окуучусу эл аралык олимпиадада коло байге алды

Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 518 | 0

Кечээ, 26-июлда Билим берүү жана илим министрлиги биология жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарды алган окуучуларды сыйлады.

Медаль жана белектерди окуучуларга министр Болотбек Купешев тапшырды.

Сыйлыктардын бири 19-22-июль күндөрү Лиссабондо (Португалия) өткөн биология боюнча эл аралык олимпиадада коло байге уткан «Сапат» билим берүү мекемесине таандык Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин окуучусу Бакытнур Ажыбаевге берилди.

Кыргызстандын атынан олимпиадага Бакытнур Ажыбаевден тышкары Бишкек шаарындагы №56 мектептин 11-классынын окуучусу Элина Рамазанова, Чүй облусундагы Жайыл баатыр атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Дмитрий Доценко, Талас облусундагы «Манас Ата» лицейинин 10-классынын окуучусу Арген Азанов катышкан.

Ошондой эле 19-25-июнда Сингапурда өткөн информатика боюнча эл аралык онлайн олимпиадада коло байге алган окуучуларга да сыйлыктар тапшырылды. Ал сынакка Кыргызстандын атынан «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 4 окуучусу бир команда болуп катышкан:

— Данияр Бейшекеев, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу;

— Ислам Давлетов жана Артур Айдаров, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучулары;

— Тенгиз Беккоёнов, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 9-классынын окуучусу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM