Биз менен байланышыңыз

Гапар Айтиев атындагы музейде туш кийиз көргөзмөсү ачылат

Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 279 | 0

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде «Туш кийиз — келечек үчүн касиеттүү билдирүү» аттуу көргөзмө ачылат. Бул тууралуу музейдин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, музейде XX кылымдын 60-80-жылдарында эл ичинен жыйналган XIX-XX кылымдарга таандык туш кийиздердин түрлөрү бар. «Кийиз дүйнө» коомдук фонду демилгелеген бул көргөзмөгө айтылган топтомдор, ошондой эле учурдагы уздардын туш кийиздери коюлат.

Кызыккан жарандар туш кийиздерди 27-июндан 25-августка чейин көрсө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM