Биз менен байланышыңыз

БШК Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын бекитти

Кыска кабар | 26 Июл 2021 | 395 | 0

Бүгүн, 26-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык комиссиянын Бишкек шаардык кеңешине болгон кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча чечимин бекитти.

Буга чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы чыгарган чечимге ылайык шаардык кеңешке 6 партия өткөн: «Эмгек» партиясына — 11, «Ата-Журт Кыргызстанга» — 9, «Ишенимге» — 8, «Ынтымакка» — 7, «Өнүгүү-Прогресс» менен «Социал-демократтар» партиясына 5 мандаттан тийген.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешине болгон кайра шайлоого 18 партия катышкан. Шайлоого 426 миң 699 шайлоочунун ичинен 104 миңден ашык киши катышкан.

Кайра шайлоо үч шаардык кеңеште – Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында 11-июлда өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM