Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: 27-июлда дзюдочу Золоев менен суучул Петрашов жарышка түшөт

Кыска кабар , Спорт | 26 Июл 2021 | 510 | 0

Эртең, 27-июлда Олимпиада оюндарынын алкагында дзюдочу Владимир Золоев менен суучул Денис Петрашов мелдешке чыгат.

Биринчи болуп Золоевдин кармашы өтөт. Дзюдо боюнча мелдештер Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 08:00дө башталат. Алгачкы беттешинде Золоев Олимпиада оюндарына Орусиянын Олимпиада комитетинин (ROC) туусунун алдында чыгып жаткан Алан Хубецов менен кармашат.

Белгилүү болгондой, кызытма чырына байланыштуу орусиялык спортчуларга 2022-жылдын аягына чейин Олимпиада оюндарында өлкөнүн гимнин, туусун колдонууга тыюу салынган. Спортчу жеңүүчү болгон учурда Орусиянын Олимпиада комитетинин туусу желбиреп, Петр Чайковскийдин музыкасы жаңырат.

Ал эми суучул Денис Петрашовдун жарышы саат 16:39да башталат. Ал брасс стилинде 200 метр аралыкка жарышат.

Буга чейин 24-июлда Петрашов 100 метр аралыкка (брасс стилинде) жарышка чыгып, бирок жарым финалга өтө алган эмес.

Владимир Золоев

Денис Петрашов

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM