Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Түркиянын Анталья шаарында консулдук ачат

Кыска кабар | 26 Июл 2021 | 280 | 0

Кыргызстан Түркиянын Анталья шаарында консулдук ачат. Бул тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, алар өкмөткө Антальяда консулдук ачуу боюнча сунуш берген. Учурда каржы маселесин Экономика жана каржы министрлиги карап жатат. Консулдук каржы маселеси чечилгенден кийин ачылат.

«Антальяда биздин жарандар көп. Ал жерде көйгөйлөрү да көп. Ошондуктан биз бул күнгө чейин Стамбулдан дипломатыбызды убактылуу жөнөтүп, маселени чечип келгенбиз. Бирок ал жерде туруктуу консулдук ачыш керек», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM