Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болот

Кыска кабар | 26 Июл 2021 | 338 | 0

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин жактырды.

Белгилей кетсек, Бейшеналиев июнь айынын башында Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы өкүлү болуп дайындалган.

Буга чейин ал билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM