Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Автобус сатып алуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан 33 млн евро алынат

Кыска кабар | 26 Июл 2021 | 283 | 0

Мэрия Бишкекке газ менен жүрүүчү автобустарды сатып алуу үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынан 33 млн евро алат.

Аталган банктан насыя жана гранттык каражаттарды алуу боюнча келишимдин долбоору парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында каралып, жактырылды.

Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, 33 миллиондун 25 млн евросу насыя, ал эми 8 млн евросу грант болуп эсептелет. Андан тышкары 1,7 млн евро техникалык жардам катары берилет. Насыя 12 жылга 1% менен алынууда.

Бишкек шаарынын вице-мэри Максат Сазыкуловдун айтымында, алар 250-350 автобус сатып алууну пландап жатат.

Алынган каражат 2022-2034-жылдары кайтарылып берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM