Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атадагы резиденцияда 112 млн сомго жаңы жыйындар залы курулууда

Кыска кабар | 26 Июл 2021 | 341 | 0

Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда 112 млн сомго жаңы жыйындар залы курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын өкүлү Тилек Батырканов парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Батыркановдун айтымында, жыйындар залынын курулушу 2 ай мурда башталган, 15-августка чейин бүткөрүү пландалууда. Аны телекоммуникациялык жабдыктар менен жабдуу үчүн 24,5 млн сом керек болууда.

Жыйындар залы 300 орунга эсептелген. Анын курулушуна каражаттын бир бөлүгүн Орусия бөлгөн.

Комитеттин мүчөлөрү 24,5 млн сом бөлүп берүүгө макулдук берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM