Биз менен байланышыңыз

Индия Кыргызстанга 126 млн сом грант берет

Кыска кабар | 26 Июл 2021 | 294 | 0

Индия Кыргызстанга 126 млн сом грант берет. Бул тууралуу Экономика жана каршы министринин орун басары Мирлан Байгончоков парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Комитеттин жыйынында Индиядан гранттык каражат алуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы «Өз ара түшүнүшүү жөнүндө» меморандумдун долбоору каралып, депутаттар тарабынан жактырылды. Ага ылайык Индия Кыргызстанга 126 млн сом берет.

Алына турган каражаттар социалдык-экономикалык, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү ж.б. багыттар боюнча долбоорлорго жумшалары каралган. Аталган багыттар боюнча долбоорлор Индиянын элчилигине жөнөтүлүп, каражатты элчилик бөлөт. Долбоорлорду бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү бийлик, министрликтер сунуштай алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM