Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын алтын-валюта резерви 2 млрд 741 млн долларды түзөт

Кыска кабар | 26 Июл 2021 | 764 | 0

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын эл аралык резервдери 2 млрд 741 млн долларды түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, июнь айында алтын-валюта резерви 2 млрд 724 млн доллар болуп, май айына салыштырмалуу дээрлик 60 млн долларга азайган. Май айында резервдер 2 млрд 784 млн долларды түзгөн.

Былтыр август айында Кыргызстандын алтын-валюта резерви алгачкы ирет 3 млрд 71 млн долларга чейин жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM