Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында кримтөбөл «Женгонун» жансакчысы кармалды

Кыска кабар | 26 Июл 2021 | 701 | 0

Ош шаарында кримтөбөл «Женгонун» 26 жаштагы М.А. аттуу айдоочусу-жансакчысы бейбаштык иши боюнча кармалды. Бул туурадуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМден белгилешкендей, кармалган жаран мурда соттолгон, уюшкан кыдмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Ал 10-июлда топ адам менен Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында Куршаб айылынын тургунун бычак менен коркутуп, сабап 1 миң 600 доллар жана 48 миң сому бар борсеткасын тартып алган.

Аталган факт Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча каттоого алынган.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM