Биз менен байланышыңыз

УКМК Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулун кармады

Кыска кабар | 26 Июл 2021 | 834 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулун кармады.

УКМКдан белгилешкендей, ал мурда пара алып, кайра анын бир бөлүгүн (6 миң долларды) кайтарып жатып колго түшүрүлгөн мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын кызматкерлеринин ишине байланыштуу кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кармалган адамдар аталган тармакты караган Бишкек шаарынын вице-мэри менен бирге Бишкектеги кафелердин биринин ээсинен Түгөлбай-Ата көчөсүн реконструкциялоо долбооруна анын кафеси ордунда калат деген өзгөртүү киргизүү үчүн 9 миң доллар пара алган.

Кармалган жарандар Бишкек шаарынын вице-мэри аталган ишке тиешеси бар деген көрсөтмө беришкен.

«24-июлда Азамат Сагындык уулунун пара алууну уюштургандыгы тууралуу жетиштүү далилдер болгондуктан ал кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды», — деп билдирет УКМК.

Учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM