Биз менен байланышыңыз

Эки кыргызстандык балбан кадеттер арасында дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 26 Июл 2021 | 691 | 0

Кыргызстандык балбандар Будапешттеги кадеттер арасындагы күрөш боюнча мелдеште 4 медаль жеңишти. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта Раззак Бейшекеев жана 51 килограмм салмакта Нуристан Сүйөркулов алтын утуп, дүйнө чемпиону болушту. Андан тышкары Нурболот Бердикулов (45 кг) коло байге утту.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча мелдеште Имронбек Рахманов (45 кг) коло медаль жеңген.

Мелдеш 19-25-июль күндөрү болуп өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM