Биз менен байланышыңыз

Индияда жаштар арасында кыргыз тилинде ыр окуу боюнча сынак өткөрүлдү

Кыска кабар | 25 Июл 2021 | 513 | 0

Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Жаш лидерлер конфедерациясына кирген индиялык жаштар арасында кыргыз тилинде ыр окуу боюнча сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилиги билдирди.

Сынакка катышкан индиялык жаштар кыргыз жери, эли жана жаратылышы жөнүндө ырларды окушкан. Алардын кыргыз тилинде ыр окуу жөндөмүн Индияда жашап жаткан кыргыз жарандарынан турган калыстар баалаган.

Кыргыз элинин маданияты жана каада-салты менен тааныштыруу максатында конокторго Кыргызстан жана анын туристтик потенциалы тууралуу тасма көрсөтүлгөн.

Сынактын катышуучулары сертификат жана белектер менен сыйланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM