Биз менен байланышыңыз

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Кыргызстанда «Silk Way» логистикалык борбору ачылат

Кыска кабар | 25 Июл 2021 | 815 | 0

Кечээ, 24-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүй облусундагы жаңы «Silk Way» логистикалык борборунун курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Курулуш иштери менен таанышуу учурунда ал логистикалык борбор ишке берилгенден кийин мамлекеттик казынага түшкөн акча көбөйөрүн, ишкелер үчүн жакшы шарттар түзүлөрүн белгилеген.

«Индустриалдык парктын ачылышынын маанилүүлүгү анын көп функционалдуу болушунда. Бажы брокерлери жана кампа жайлары борборлоштурулат. Башкача айтканда, бизнесмендер жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары бардык кызматтарды бир жерден ала алышат. Бул алардын иш жүргүзүүсүн кыйла жеңилдетет. Мамлекеттик казынага түшкөн акча да көбөйөт», — деген ал.

Анын айтымында, аталган борбор иштеп баштагандан тарта «ЮниЛаб» жана «БТС» бажы терминалдары ишин токтотот.

Логистикалык борборрду Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата ачуу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM