Биз менен байланышыңыз

Токио 2020: Денис Петрашов 27-орунду алды

Кыска кабар , Спорт | 24 Июл 2021 | 844 | 0

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында брасс стилинде 100 метрге сүзүү боюнча мелдешке чыкты.

Бул жарышка жалпы 49 спортчу катышып, алар өз ара жети топко бөлүнүп мелдешти.

Жыйынтыгында эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 16 спортчу финалда жолдомо алды.

Денис Петрашов төртүнчү кезектеги спортчулар менен жарышып, 100 метр аралыкты 1 мүнөт 0,23 секундда сүзүп өттү. 

Брасс стилинде 100 метр аралыкка сүзүүнүн  жалпы жыйынтыгында кыргызстандык спортчу 27-орунду ээлеп, жарым финалга чыга алган жок.  

Ал эми эң жакшы жыйынтык көрсөткөн 16 спортчу жарым финалда жарыша турган болду.

Денис Петрашов 27-июль күнү да брасс стилинде  200 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдешке катышат. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM