Биз менен байланышыңыз

Инсандын руханий өнүгүүсү жөнүндө концепция бекитилди

Кыска кабар | 24 Июл 2021 | 1964 | 0

Президент Садыр Жапаров “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.

Максаты — жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын жакшыртуу, элдик каада-салттарды кайра жандандыруу, руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү болуп эсептелет.

2021-2026-жылдарга Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепция бекитилет.

Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө концепцияны ишке ашыруу боюнча план бекитип, финансы табуу, коомчулукка маалымат бериши керек.

Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциянын тексти:

Концепция кыргызча

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM