Биз менен байланышыңыз

Бизнеске соцтармак менен иштөөнү үйрөткөн колдонмо иштелип чыкты

Кыска кабар | 24 Июл 2021 | 726 | 0

Кыргызстанда социалдык тармактарда товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу боюнча бизнес колдонмо иштелип чыкты. Анын автору Салтанат Жумакалый кызы.

Кыргыз тилиндеги “SMMге кыскача киришүү” аталышындагы колдонмо башталгыч SMM-адистер, стартаптар жана ишкерлерге арналат.

54 барактан турган бул электрондук басылмадан окурмандар белгилүү интернет платформалар боюнча базалык маалыматтарды ала алышат.

Социалдык тармактар аркылуу өз товарларын, кызматтарын сатуу жолдорун үйрөнүшөт жана коммуникация тармагындагы жаңы кесиптер менен тааныша алат.

Колдонмонун автору Салтанат Жумакалый кызынын айтымында, бүгүнкү күндө ири ишкана же чакан кийим дүкөнү болобу, ийгиликтүү бизнести интернет менен тыгыз байланышсыз элестетүү кыйын.

“Жеке ишиңди илгерилетүү үчүн эң популярдуу жана эффективдүү платформа бул – Instagram болуп саналат. Бул социалдык тармакта кантип иштөө керектигин, аны акыга же акысыз илгерилетүү жолдору кандай экендигин, эмнеден сактануу керек жана аккаунтуңузду хакерлерден кантип коргоого мүмкүндүгүн айтып берем. Колдонмонун аягында коммуникация чөйрөсүндөгү бардык белгилүү кесиптер кыскача чагылдырылат.  Бул маалыматтар SMM адиси менен копирайтердин ортосундагы айырмачылыкты көрсөтүү үчүн керек”, — дейт колдонмонун автору.

“SMMге кыскача киришүү” колдонмосу азырынча электрондук түрдө акысыз таратылат. Аны алдын ала каттоодон өтүп, бардык көрсөтмөлөрдү аткаруу керек.

Салтанат Жумакалый кызы SMM курстарын уюштуруп, Бишкекке келүүгө мүмкүнчүлүгү жок аймактагы тургундарга бул тармак боюнча маалымат берүүнү пландаштырууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM