Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кумшекер, күн карама майы жана сабиздин баасы арзандады

Кыска кабар | 24 Июл 2021 | 607 | 0

Кыргызстанда акыркы айда кумшекер, күн карама майы жана сабиз сыяктуу азыктардын баасы арзандады. Ал эми ун, нан жана эттин наркы кымбаттады.

Мындай маалыматты Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин социалдык маанилүү азыктарга жасаган анализдөө материалдарында айтылат.

Кумшекердин баасы бир айда 2 сомго, жумуртка 2 сомго, күн карама майы 3 сомго, картошка 7 сомго, сабиз 17 сомго арзандады.

Ал эми I жана II сорттогу ундун баасы 2 сомго чейин, нан 1 сомго, кой эти 11 сомго, уй эти 17 сомго кымбаттады.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, Кыргызстандагы инфляциянын жогорку деңгээлге чыгышына товар өндүрүүчү өлкөлөрдөгү абал себепкер болууда.

Мисалы, Казакстан, Беларусия, Орусияга байланыштуу болууда. Бул өлкөлөрдө баалардын кескин өсүшү байкалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM