Connect with us

Каржы пирамидасы. Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 24 Июл 2021 | 529 | 0

Бишкекте каржы пирамидасын колдонуп, сериялык алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.

Милицияга Ж.Б аттуу жаран кайрылып, өзүн «Финико» компаниясынын өкүлү катары тааныштырган  Д.У аттуу адам  компанияга акча салууга үгүттөгөнүн айткан. Ал акчасы жеңил түрдө көбөйөрүн, эгер ийгиликсиз болуп калса, акчасын кайтарып берерин убадалаган.

Быйыл апрель айында аял 1млн 85 миң сомун ошол компанияга которгон. Компания өкүлү ал акчаны биткоинге айландырмак. Бирок бул убадасын аткарбай дагы 423 миң, андан кийин дагы 879 миң сомун алып, изин жашырып кеткен.

Зыяндын жалпы суммасы 2 млн 388 миң 600 сом. Бул ишке шектүү катары 1979-жылы туулган Д.У аттуу жаран кармалды. Анын башка дагы кылмыштарга тийиштиги бар-жогу текшерилүүдө.

Милиция каржы пирамидасынан жабыркагандарды 102 номуруна байланышууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM