Биз менен байланышыңыз

Жапаров Мирзиёевди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды

Кыска кабар | 24 Июл 2021 | 909 | 0

Бүгүн, 24-июлда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жапаров Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, Өзбекстанды өнүктүрүүгө багытталган иштерине ийгиликтерди каалады.

Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги алдында Өзбекстанда калктын жашоосун жогорулатууга, экономикалык өсүшкө багытталган маанилүү өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеген.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтып, Шавкат Мирзиёевди ыңгайлуу болгон учурда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM