Биз менен байланышыңыз

ИИМ айдоочулардан жол эрежелерин так сактоону өтүнөт

Кыска кабар | 24 Июл 2021 | 835 | 0

Ички иштер министрлиги бүгүнкү күндө жол кыймылынын эрежелерин сактабагандык курч тема болуп жатканын белгилейт.

Жол-транспорттук кырсыктардын статистикалык маалыматын анализдөөнүн жыйынтыгында, кырсыктардын негизги себеби айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусуна байланыштуу болууда.

Ички иштер министрлиги эл көп топтолгон жерлерде ылдамдыкты жогорулатпоону, эрежелерди так тактоону өтүнөт.

Президент Садыр Жапаров да 23-июлда Ички иштер министрлигине мас абалында унаа айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Айрыкча, Ысык-Көл облусунун аймагында, аталган облуска бараткан жолдо алдын алуу иш-чараларын күчөтүү үчүн кошумча күчтөрдү тартуу тапшырылды.

Мындан тышкары, автожолдордогу кыймылга, жол кыймылынын эрежелерин жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы коюлду.

Бул чара мас абалындагы айдоочулардын күнөөсүнөн болуп жаткан жол кырсыктарын алдын алуу, ичимдик ичип же баңгизат колдонуп, рулга отурган айдоочуларды аныктоо жана ага бөгөт коюу максатында зарыл.

22-июлда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эки унаа кагылышып, анын кесепетинен 6 адам көз жумду. Айдоочулардын бири мас абалында болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM