Биз менен байланышыңыз

Токио-2020: 24-июлдан тарта кыргыз спортчулары мелдештерге чыга баштайт (мелдештердин жадыбалы)

Кыска кабар , Спорт | 23 Июл 2021 | 1223 | 0

Бүгүн, 23-июлда Токиодо Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталып, анда Кыргызстандын туусун мерген кыз Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыгышты.

Олимпиада оюндарынын алкагындагы оюндар 21-июлда эле башталган. Ал эми биздин спортчулар эртең, 24-июлдан тарта мелдештерге катыша башташат.

Биринчилерден болуп жарышка ок атуу боюнча Каныкей Кубанычбекова менен сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов чыгат. Кубанычбекованын мелдеши Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 05:30да, ал эми Петрашовдуку саат 16:00дө башталат.

Эскерте кеткек, Олимпиада Оюндарын «КТРК Спорт» жана «КТРК Спорт 2» (iTV Акнет түйүнүндө көрсөтүлөт) телеканалдарынан көрүүгө болот.

Кыргызстандык спортчулардын мелдеш убактысынын жадыбалы:

24-июль (саат 05:30): ок атуу – Каныкей Кубанычбекова, сууда сүзүү – Денис Петрашов (брасс стилинде, 100 метр, саат 16:00)

25-июль (саат 06:00): фехтование – Роман Петров

27-июль (саат 08:00): дзюдо – Владимир Золоев (81 кг), сууда сүзүү – Денис Петрашов (брасс стилинде, 200 метр, саат 16:00) 

31-июль (саат 08:00 – А тайпасы жана саат 16:50 – В тайпасы): оор атлетика – Бакдөөлөт Расулбеков

1-август (саат 08:00): грек-рим күрөшү – Жоламан Шаршенбеков (60 кг), кыз-келиндер күрөшү – Айпери Медет кызы (76 кг)

2-август (саат 08:00): грек-рим күрөшү – Акжол Махмудов (77 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг), кыз-келиндер күрөшү – Мээрим Жуманазарова (68 кг)

3-август (саат 08:00): грек-рим күрөшү – Атабек Азисбеков (87 кг), кыз-келиндер күрөшү – Айсулуу Тыныбекова (62 кг), жеңил атлектика – Нурсултан Кеңешбеков (5 миң метр, саат 14:00)

5-август (саат 08:00): эркин күрөш – Эрназар Акматалиев (65 кг)

6-август (саат 08:00): эркин күрөш – Айаал Лазарев (125 кг)

8-август (саат 04:00): жеңил атлетика – Дарья Маслова (марафон)

Сааттар Бишкек убактысы боюнча көрсөтүлдү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM