Биз менен байланышыңыз

25-июлдан тарта кыргызстандыктар үчүн Орусияга кирүү эрежелери өзгөрөт

Кыска кабар | 23 Июл 2021 | 1006 | 0

25-июлдан тарта кыргызстандыктар Орусияга кирүүдө ПЧР-анализдин жыйынтыгын «COVID-19суз саякаттайм» тиркемеси аркылуу көрсөтүүгө тийиш. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Орусия өкмөтүнүн 20-июлдагы буйругу менен Орусияга Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерден аба каттам аркылуу келген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ПЧР-анализдин жыйынтыгын тиркеме аркылуу көрсөтүү зарылдыгы тууралуу талап бекитилген.

Анализ мурдагыдай эле акыркы үч күн ичинде жасалган болушу шарт.

1-сентябрдан тартып Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан Орусияга аба каттам аркылуу келген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн «COVID-19суз саякаттайм» тиркемеси милдеттүү болуп калат.

Белгилей кетсек, чет жакка чыгып жаткандар үчүн ПЧР анализди эки мамлекеттик лаборатория – Бишкек шаарындагы Улуттук вирусологиялык референс-лаборатория жана Ош шаарындагы вирусологиялык лаборатория, ошондой эле «COVID-19суз саякаттайм» маалымат тутумуна кошулган жеке лабораториялар жүргүзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM