Биз менен байланышыңыз

Тажикстан 100 миңге жакын ооган качкынын кабыл алууга даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2021 | 1717 | 0

Бүгүнкү күнү Тажикстан Ооганстанга жакын жайгашкан Коргоо министрлигинин полигондорунда 100 миңге жакын ооган качкынын кабыл алууга даяр. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин башчысынын орун басары Имомали Иброхимзода билдирди.

Анын айтымында, муктаждык жаралса алар андан да көп качкынды кабыл ала алат.

«Биз эл аралык уюмдар менен ооган качкындарын кабыл алуу боюнча өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз», — деген ал.

Ал белгилегендей, жакында Кушониён району менен Хорог шаарында чатыр, жууркан-төшөк, жуунучу каражаттар, идиштер сактала турган кампалар даяр болот.

Июль айында Тажикстанга Ооганстандан 1 миң 574 качкын келген. Аларга тамак-аш, жатканга түнөк берилген.

Учурда алар мекенине кайтарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM