Эртең, 24-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18… +23, күндүз + 34 … +39;
Талас облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз +33 … +38;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 18 … +23, күндүз +34 … +39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12 … +17, күндүз +26 … +31;
Нарын облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +27 … +32 градус ысык болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +21 … +23, күндүз +37 … +39 градус ысык болот.