Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Токиодогу Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы өтөт

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 23 Июл 2021 | 1183 | 0

Бүгүн, 23-июлда Токиодогу Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы болот. Пандемияга байланыштуу ачылыш аземине аз сандагы адам катышат.

Ачылышта Кыргызстандын туусун ок атуу боюнча мелдешке катышып жаткан Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат. Ачылыш салтанаты Токиодогу Улуттук стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Дүйнөдө коронавирус пандемиясы токтой электигине карабай Япония Олимпиада оюндарын өткөрүүнү чечкен. Олимпиада оюндарынын алкагындагы мелдештер 21-июлда башталып, бүгүн салтанаттуу ачылыш аземи болоруна карабай Японияда Оюндардын өтүшүнө каршы чыккандар бар. Алар бүгүн Улуттук стадиондун алдына Олимпиада оюндарын өткөрүүгө каршы митингге чыгат.

Жакында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, япониялыктардын 55%ы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө каршы. Алар мелдештерди өткөрүү коронавирустун жайылышы алып келет деп чоочулашат.

Белгилей кетсек, буга чейин Токиодо коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режими киргизилген. Ал 22-августка чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM