Биз менен байланышыңыз

Автоматташтырылган система: Быйыл 26 млрд сомго күйүүчү май сатылды

Кыска кабар | 23 Июл 2021 | 312 | 0

Автоматташтырылган башкаруу системасы орнотулгандан кийин май куюучу жайлар аркылуу күйүүчү майларды сатуунун көлөмү кескин көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

2021-жылдын 6 айында май куюучу жайлар аркылуу 26,2 млрд сомго 696,3 млн литр күйүүчү май сатылган.

Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 150 пайызга көп болду.

Азыркы учурда 987 май куюучу станция автоматташтырылган башкаруу системасын колдонот. Республика боюнча катталган 1104 май куюучу жайдын ичинен 117си иштебейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM