Биз менен байланышыңыз

COVID-19: он бейтап көз жумду, 1127 бейтап жаңы катталды

Кыска кабар | 23 Июл 2021 | 482 | 0

Кыргызстанда 23-июлга карата COVID-19 илдетинен дагы он бейтап көз жумду. Анын бешөө Бишкекте, эки учур Чүй облусунда, эки учур Талас облусунда, бир учур Жалал-Абад облусунда катталды.

Өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 2227ге жетти.

Акыркы суткада 1127 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 155 миң 5 адам болду.

Бир суткада 1396 адам илдеттен сакайды, жалпы айыккандар 132 миң 138 адам.

Акыркы суткада 28 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган, стационардан 12, үй карантининде 22 медкызматкер айыкты.

Пандемия башталгандан бери 6295 медицина кызматкерине коронавирус жуккан, анын 5533ү айыкты.

Ушул күндөрү ооруканаларда 4 миң 229 бейтап, үй шартында 15 миң 845 адам дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM