Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов сел кырсыгы жүргөн Сузак районуна барды

Кыска кабар | 23 Июл 2021 | 352 | 0

Кечээ, 22-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Чаңгыр-Таш айылына барды.

Аталган айылда катуу жааган жамгырдын кесепетинен дамба жарылып, айылдагы турак үйлөр, оорукана, мектеп, бала бакчаны суу каптаган.

Марипов кыска убакыттын ичинде дамбаны кеңейтип, аны бекемдөө керектигин, анын ичинде селдин нугун буруу үчүн атайын курулманы куруу мүмкүнчүлүгүн кароо зарылдыгын белгиледи.

«Табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүшүбүз керек. Кыргызстан көптөгөн жаратылыш кырсыктарына дуушар болгон тоолуу өлкө. Качанга чейин анын кесепеттерин жоёбуз. Биз табият кырсыктарынын алдын алуубуз керек. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери ар тараптуу жүргүзүлүшү керек. Тапкан-ташыганынан заматта айрылган карапайым адамдардын азап чегип жаткандыгы өкүнүчтүү», — деди ал.

Анын айтымында, жабыркагандарга мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлүп, селдин кесепетин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кошумча күчтөрү жана атайын техникалары тартылат.

Жабыркаган короо-жайларды кыдырып чыккан соң, Улукбек Марипов айыл тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле ал сел кырсыгынан 6 жашар кызы каза болгон үй-бүлөдөн кабар алып, көңүл айтты.

Андан кийин Марипов Сузак районунун Достук айылына барды.

Достук айылында сел ташкындарынын кесепетинен эгин талааларын суу каптап, натыйжада, дыйкандардын түшүмүнүн бир бөлүгү жок болгон.

Марипов келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталган сон, жабыркагандарга тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн айткан.

Белгилей кетсек, Сузак районунда селдин кесепетинен 446 үй жабыркаган, анын ичинен 118 турак үйдү суу каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын чечимине ылайык, 46 турак үй жашоого жараксыз деп табылып, тазалоо жана келтирилген зыяндарды аныктоо иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM