Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атада Президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Кыска кабар , Спорт | 22 Июл 2021 | 869 | 0

Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) 22-31-август күндөрү Президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналып өткөрүлөт. Ага Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдөн келген командалар катышат.

Ошондой эле көк бөрү боюнча мелдеш 26-31-август күндөрү Ош облустук Төлөйкөн ат майданында да өткөрүлөт.

Спорттук мелдеш Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция жана Көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Көк бөрү боюнча Президенттин кубогу жыл сайын өткөрүлүп келет.

Эл аралык көк бөрү мелдешине катышуу үчүн бардык командалар  10-августка чейин Тоголок Молдо 17 (Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция) дарегине билдирме жөнөтүшү керек. Эл аралык мелдештин бардык уюштуруу маселелери боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыз:

Көк Бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков — 0772 940 077;

Ош облусунун федерациясынын вице-президенти Абди Исаков — 0551 102 206. 

Ооганстандын командасы көк бөрү боюнча Президенттин Кубогуна катышат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM