Биз менен байланышыңыз

Дагы тогуз өлкөнүн жарандары Кыргызстанда 60 күнгө чейин визасыз жүрө алат

Кыска кабар | 22 Июл 2021 | 427 | 0

Президент Садыр Жапаров «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам бир катар өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу активдештирүү жана туризмдин өнүгүшүнө түрткү берүү максатында кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, 60 күнгө чейин визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмесине тогуз жаңы өлкө (Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика) кошулду.

Андан тышкары, дагы бир толуктоого ылайык, (улуттук коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында) Министрлер кабинети улуттук коопсуздук, саламаттыкты сактоо жана тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын макулдашылган сунушу боюнча визасыз кирүү режимин толугу менен же жарым-жартылай токтото туруу укугуна ээ болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM