Биз менен байланышыңыз

Чек ара чырында каза болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн салынып жаткан үйлөр 80%га бүткөрүлдү

Кыска кабар | 22 Июл 2021 | 1058 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсү үчүн курулуп жаткан 36 турак жайдын курулушу менен таанышты.

Курулуш үчүн Баткен шаарынын Чет-Булак деген жеринде 5 га жер тилкеси бөлүнгөн.

Учурда ал жакта 6 сотук жер тилкеси бар 4 бөлмөлүү үйлөр курулуп жатат. Алар тиешелүү техника жана эмерек менен камсыздалат, ошондой эле борбордук коммуникацияларды өткөрүү пландаштырылууда.

«Курулуп жаткан үйлөр жаңы жашоонун башаты болсун», — деди Марипов.

Азыркы тапта турак жайлардын курулушу 80%га бүткөрүлгөн. Алар 31-августта пайдаланууга берилет.

Аталган шаарчанын аймагында бала бакча менен сейил бак салынары пландалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM