Биз менен байланышыңыз

Жарасул Абдураимов экономика жана каржы министринин орун басары болду

Кыска кабар | 22 Июл 2021 | 1143 | 0

Жарасул Абдураимов экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

«Белгилей кетсек, Жарасул Абдураимовду жаңы кызматка дайындоо тууралуу чечим анын өнөр жай секторундагы бай тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынган, мурда ал бир катар өнөр жай объектилерин жетектеп келген», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Жарасул Абдураимов Министр кабинетинин Ош облусундагы өкүлү болуп иштеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM