Биз менен байланышыңыз

Президенттин аймактардагы өкүлдөрү дайындалды. Тизме

Кыска кабар | 22 Июл 2021 | 1453 | 0

Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкка ылайык:

— Абдикарим Алимбаев президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Сабыркул Ашимбаев президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Мирбек Кожоев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Бакытбек Нарбеков президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Абсаттар Сыргабаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Эркин Тентишев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM