Биз менен байланышыңыз

Баткендин Газ жана Согмент айылдарында 31 турак жай жабыркады

Кыска кабар | 22 Июл 2021 | 281 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарына барды. Ал сел ташкындарынан улам келип чыккан өзгөчө кырдаалдар кесепетин жоюу иштери менен таанышты.

«Зарыл болгон учурда дагы кошумча күчтөр тартылат. Атайы техниканын жардамы менен кыска мөөнөттө жолдорду, турак-жайлардын жана башка имараттардын аймагын тазалоо иштерин жыйынтыктоо керек. Адамдар тез арада кадимки жашоо нугуна кайтуусу үчүн колдон келген күч-аракеттерди жумшоо зарыл», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарында 31 турак жай жабыркаган. Учурда келтирилген зыяндын кесепетин баалоо боюнча иштер жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM