Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңеш түзүлөт

Кыска кабар | 21 Июл 2021 | 514 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, президентке караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңеш түзүлүүдө. Президенттин инвестицияларды тартуу маселеси боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси Павел Хрипунов Байкоочу кеңештин катчысы болуп дайындалды.

Ошондой эле Министрлер кабинетине 29-июлга чейин Байкоочу кеңештин аткаруучу органы катары Долбоордук кеңсесин түзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Павел Хрипунов 1977-жылы Ош облусунун Айдаркен айылында (азыркы Айдаркен шаары, Баткен облусу) төрөлгөн. 2001-жылы Москва мамлекеттик курулуш университетин «өнөр жай жана жарандык укук» адистиги боюнча аяктаган.

1997-жылдан бери маалыматтык технологиялар тармагында иштеп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM