Биз менен байланышыңыз

УКМК унаа катализаторун чет өлкөгө чыгарып кетүү аракетине бөгөт койду

Кыска кабар | 21 Июл 2021 | 448 | 0

Унаа катализаторлорун өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Манас» аэропортунда УКМК менен Бажы кызматкерлери Европа өлклөрүнө чыгарылып бара жаткан 1 тоннадан ашык катализаторду кармаган.

УКМК белгилегендей, акыркы жылдары милдеттүү техникалык кароодон өтүү алынгандан бери унаанын катализаторлорун чыгарып, саткандар көбөйдү. Катализатордо баалуу металлдар болгондуктан аны Европага сатып киреше тапкандар болууда. Ошол эле учурда катализатору жок жүргөн унаалардан зыяндуу түтүндөр эселеп чыгып, экология бузулууда.

Учурда тиешелүү органдар тарабынан унаа катализаторлорун сыртка чыгарууга жана сатып алууга тыюу салуу маселеси каралып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM