Биз менен байланышыңыз

Баткен: Марипов Максат айылына барды

Кыска кабар | 21 Июл 2021 | 435 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Лейлек районундагы Максат айылына барып, кыргыз-тажик чек арасында 30-апрелдеги окуяларда жабыркаган турак-жайларды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Финансылык маселелер чечилген. Каражат бөлүнгөн. Объектилердин курулушун гана жыйынтыктабастан, инфраструктураны, анын ичинде негизги көчөлөрдү асфальтташтыруу жана жарыктандыруу маселесин чечүү зарыл. Тургундар ыңгайлуу жашоо үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалышы тийиш», — деди Улукбек Марипов.

Андан соң Марипов чек арадагы окуя учурунда жабыркаган Максат айылындагы чек ара постуна барды.

Учурда аскер объектисин калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүүдө.

Ошондой эле Марипов чек арадагы окуяда талкаланган Максат айылындагы орто мектепке барды.

«Мектептин калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлгөн. Мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр», — деди ал.

Баткен облусуна болгон сапарынын жүрүшүндө ал Лейлек районунун Кулунду жана Сада айылынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту.

Белгилей кетсек, Максат айылында фельдшердик-акушердик пункттун курулушу жыйынтыкталуу алдында турат, милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү, Максат айылындагы мектеп толугу менен калыбына келтирилген. 100 орунга эсептелген «Сейтек» балдар бакчасынын курулушу 70%га жыйынтыкталган.

Мындан тышкары, 10 турак жайдын курулушу жыйынтыкталып, 40 турак жайдын курулушу 70%га бүткөрүлгөн. Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жалпысынан 83 турак жай курулмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM