Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Өзбекстан ооган чек арасына жакын жерде аскер машыгууларын өткөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2021 | 1083 | 0

Орусия менен Өзбекстан 30-июлдан 10-августка чейин Сурхан-Дарыя облусунда биргелешкен машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Машыгуулар Ооганстандын чек арасына жакын турган Термез полигонунда өтүп, ага дээрлик 1,5 миң аскер кызматкери, 200дөй аскер техникасы катышат.

Мындан мурдараак Орусиянын Борбордук аскер аймагынын колбашчысы Александр Лапин 5-10-август күндөрү Тажикстандын Харб-Майдон полигонунда Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын биргелешкен машыгуулары өтөрүн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM