Биз менен байланышыңыз

Душанбеде климаттын өзгөрүшүнө арналган Борбор Азиялык конференция өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2021 | 812 | 0

26-27-июлда Душанбеде климаттын өзгөрүшүнө арналган төртүнчү Борбор Азиялык конференция өтөт.

Конференцияга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын өкүлдөрү катышат. Анда алар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелер, бул багытта аткарылган иштер талкуулап, климаттык саясатты түзүүдө, ишке ашыруудагы тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Иш-чара оффлайн жана онлайн режимде өткөрүлөт.

Аталган конференция Борбор Азиянын аймактык экологиялык борбору тарабынан Тажикстандын өкмөтү менен биргеликте уюштурулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM