Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Чек арада бузулган үйлөрдүн пайдубалы салынган бойдон турат

Кыска кабар | 21 Июл 2021 | 1167 | 0

Баткен облусунда акыркы жолу болгон куралдуу кол салууда талкаланган үйлөр калыбына келтириле элек. Өкмөт үч айдан бери эч нерсе жасаган жок.

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында айтты.

«Баткен окуясы болгонуна үч ай болуп калды, ал жерде бузулган үйлөрдүн пайдубалы гана салынып турат. Тажик тарап үйлөрүн куруп, элин киргизип койду. Биздики жарымы бүтө да элек, жомок айтып отурасыңар. Үйлөрү бузулган эл кыш келсе каяка барат? Каражат бөлүнгөн, пайдубалын куюп бүтө элексиңер»,-деди депутат.

Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиевдин маалыматына караганда, Баткен окуясынан кийин калыбына келтирүүго жалпы 1 млрд 336 млн сом каралган.

Анын ичинде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 500 млн сом, үйлөрдү калыбына келтирүүгө 200 млн сом, социалдык объектилерди «капиталдык салымдар» беренеси менен оңдоого 500 млн сом, Коргоо министрлигине 150 млн сом, Чек ара кызматына 100 млн сом бөлүнгөн. Учурда 40 турак-жайдын ичи жасалып жатат.

Быйыл 28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тараптын видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуусу менен башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланган.

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM