Биз менен байланышыңыз

Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 21 Июл 2021 | 206 | 0

21-июлдан 23-июлга чейин тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Эртең, 22-июлда өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17 … +22, күндүз + 30 … +35;

Талас облусунда түнкүсүн +11 … +16, күндүз +28 … +33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 17 … +22, күндүз +32 … +37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11 … +16, күндүз +22 … +27;

Нарын облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +21 … +26 градус ысык болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19 … +21, күндүз +33 … +35 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM