Биз менен байланышыңыз

Олимпиада оюндарынын урааны бир сөз менен толукталды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 21 Июл 2021 | 840 | 0

Олимпиада оюндарынын урааны өзгөрүп, «бирге» деген сөз менен толукталды. Мындай чечимди кечээ, 20-июлда Эл аралык Олимпиада комитети чыгарды.

Эми ураан «Ыкчамыраак, бийигирээк, күчтүүрөөк – бирге» («Citius, altius, fortius — communiter») деп айтылат.

Ураанга «бирге» деген сөздү кошууну уюмдун президенти Томас Бах сунуштаган болчу. Ал «бирге» деген сөз тилектештик деген маанини туюнтарын белгилейт.

«Тилектештик биздин миссияга спорттун жардамы менен дүйнөнү мындан да жакшы кылууга дем берип турат. Биз бирге болуп, тилектештик көрсөткөндө гана ыкчам аракеттенип, бийикке умтулуп, күчтүү боло алабыз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарынын «Ыкчамыраак, бийигирээк, күчтүүрөөк» («citius, altius, fortius») деген урааны 1984-жылы бекитилген.

Азыркы тапта Японияда Олимпиада оюндарынын алкагындагы мелдештер башталды. Оюндардын расмий ачылышы 23-июлда өтөт.

Японияда Олимпиада оюндарынын алкагындагы алгачкы мелдештер башталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM