Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Түгөлбай-Ата көчөсү оңдолууда

Кыска кабар | 21 Июл 2021 | 219 | 0

Бишкекте Түгөлбай-Ата көчөсүнүн Орозбековдон Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа жолун реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.

Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун аталган жолдун курулушу менен таанышуу учурунда айтылды.

Көчө “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында, Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен оңдолот.

Оңдолуп жаткан тилкенин узундугу 1280 метр, ал эми жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 15,6 метр. Ошондой эле тротуар жана сугат тутуму жаңыланат. Жолдорду оңдоо учурунда тоскоол болгон айрым объектилер да бузулат.

Бактыбек Кудайбергенов “Бишкекасфальтсервис” ишканасына Бөкөнбаев көчөсүнүн тротуарын да тез арада оңдоо тапшырмасын берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM