Нарын шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферма (криптовалюта алуу өндүрүшү) аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Майнинг-ферма шаардагы турак үйлөрдүн биринде жайгашып, аны «Б.Т.Б.» аттуу жаран иштетип келген.
Учурда бул ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп, тергөө уланууда.